Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршыбыз! Нарын эли жыйын курууда

© Фото / Саламат Закирбек уулуСобрание сельчан Мин-Булак против месторождения Солтон-Сары
Собрание сельчан Мин-Булак против месторождения Солтон-Сары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын кенди иштетүү үчүн Кытайдын Zhong Ji Mining компаниясы лицензия алган.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Саламат Зарылдык уулу билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү калк кытайлыктардын кенди иштетүүсүнө каршы болууда.

© Фото / Саламат Закирбек уулуНарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө.
Нарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө.
© Фото / Саламат Закирбек уулуЖергиликтүү калк кытайлыктардын кенди иштетүүсүнө каршы болууда.
Жергиликтүү калк кытайлыктардын кенди иштетүүсүнө каршы болууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жергиликтүү калк кытайлыктардын кенди иштетүүсүнө каршы болууда.
1/2
Нарын облусунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу жыйын өткөрүүдө.
2/2
Жергиликтүү калк кытайлыктардын кенди иштетүүсүнө каршы болууда.

"Тообуз тоо бойдон, жайытыбыз жайыт бойдон калышын талап кылып жатабыз. Комбинат салууга өкмөт уруксат бериптир, кагазы бар экен. Ошол документтерди жокко чыгартуу үчүн жыйынга чогулдук. Бул алтын кенди иштетүү үчүн Кытайдын Zhong Ji Mining компаниясы лицензия алыптыр. Азыр жолун сала башташты, эмдиги жылы комбинат курулат деп жатышат. Бирок жергиликтүү тургундар аны курдурууга жол бербейбиз", — деди Зарылдык уулу.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оозду ачырган масштаб! "Кыргызалтын" ишканасы тууралуу 7 факты
Нарын районунун акими Семетей Черикбаев маалыматты тастыктап, жергиликтүү эл менен өзү баш болуп айыл өкмөт башчысы, кытай компаниясынын юристтери жолугуп жыйын өткөрүп жатканын кошумчалады.

Солтон-Сары кени Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында жайгашып, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Алтын кен "Кыргызалтын" ААКсына карайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0