Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 21-декабрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 0…-5, Таласта —4…+1 градус болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймагында —2…+3, Нарын жергесинде —5…-10 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте 0…-2, Ошто +1…+3 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0