Бишкекте киши ташып бараткан маршрутка оодарылып кетти

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСнег в Сочи
Снег в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык дүйшөмбү күнү Таш-Дөбө менен Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Борбор калаада Mazda үлгүсүндөгү унаа №166 маршрутканы сүзүп, натыйжада бус оодарылып калганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык дүйшөмбү күнү, 17-декабрда, болжол менен саат 14.10дордо Таш-Дөбө менен Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Жүргүнчүлөрдүн көбүнүн эти ооруксунуп калган. Өспүрүм кыз менен бир аял ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Эки айдоочу тең текшерүүдөн өтүп, соо экени аныкталды. Машиналар атайын унаа токтотуучу жайга алып келинди. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0