Sputnik Кыргызстан агенттигине алып баруучу балалык күндөрү, таенесинин тарбиясы, жеке жашоосу жана дикторлук кесиби тууралуу кызыктуу көп нерселерди айтып берди.
— Бала кезиңиздеги кызыктуу күндөр тууралуу айтып берсеңиз?
— Өзүңүздүн кыздарыңыз барбы, сиз да аларга таене, апаңыздын тарбиясын берип жатсаңыз керек?
— Эки кызым бар. Улуусуна колдон келишинче үйрөттүм. Таенебиз мурун чала жасаган нерсени кайра-кайра жасатып тазалатчу. Азыр мен да кыздарыма "кычык-кучуктун баарын тазалагыла" деп талап коем. Кичүү кызым менен азыраак алектенип калдык. Алты жашынан баштап Асанхан Жумакматовдун оркестринде фортепианодо ойнойт. Мындан улам жумуш жасамак тургай ойноп, эс алганга да убактысы болгон жок. Анын жараткан ийгилиги биз үчүн башкы орунда. Бардык жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышып Кыргызстандын атын чет жактарга да таанытып жүрөт.
— Алып баруучу болуп, эфирге чыкканды кичине кезиңизде эле жакшы көрчү белеңиз?
— Жогорку окуу жайда журналистика тармагында билим алдыңыз беле?
— Жок. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер окуу жайында музыкалык факультетте билим алгам. Институтта да активдүү болуп, драмалык кружок, хор, бийге да катышчумун. Институтта ар түрдүү иш-чараларды алып барып жүрдүм. 1977-жылы СССРдин баш мыйзамы кабыл алынып, Кремлдеги иш-чарада Кыргызстандын атынан алып баруучулук бакыты мага буюрган. Брежнев катышкан чоң иш-чарада кыргыз жеримди даңктап, алып барганымды азыр да сыймыктанып айтам. Ошентип ырдап-бийлеп жүрүп окуумду бүтүп, диплом алаарда радиого сынак жарыяланып андан өтүп кеттим. Аблезим Ниязов деген сөз үчүн, сүйлөө маданияты үчүн күйүп бышкан адамдан сабак алдым. Ал агай ар бир берүүбүздү угуп, жаздырып алып кайра ар бир туура эмес сүйлөнгөн сөз менен иштешчү. Андан кийин теле жаатында маалыматтык прогромма, адабияттык берүүлөрдү да көп алып бардым.
— Азыркы дикторлор менен мурдагы дикторлорду салыштырып болбосо керек?
— Азыр диктор, ди-джейлер даярдыгы жок эле келип эфирге отуруп калып жатат. Айрым радионун алып баруучулары элге "чайнап өзүң жутуп ал" дегенсип өзү түшүнүп-түшүнбөй тыпырап сүйлөп кетет. Бул деген элди, угармандарды сыйлабагандык болуп саналат. Мурда адам, чыгарма аттарын биз туура эмес окууга акыбыз жок болчу. Азыр тили келсе деле, келбесе деле окуган диктор, ди-джейлерди эфирге отургузуп коюп жатат. Аларды окутуу — биздин милдет. Ошол эле Аблезим Ниязов агайдан алган тарбия, билимди биз өзүбүз менен кошо ала кетпешибиз керек.
— Угушубузга караганда сиз алып баруучу, дикторлор үчүн атайын академияга ачкансыз?
— Ооба, "алган тажрыйба, билим жерде калбай жаштарга өрнөк болсун" деп өз күчүм менен сүйлөө маданияты боюнча академия ачтым. Ал жактан адам өз оюн так айтуудан көркөмдөп сүйлөөгө чейин үйрөнөт. Мыкты билген дасыккан профессор, тилчи, адабиятчылар менен иштешип жатабыз. Азыр академияга үйдө отурган айымдардан депутаттарга чейин келип окуй баштады.
— "Арноо концертине" көп чыкпай калдыңыз?
— Майрамдарда, белгилүү даталарда чыгып турабыз. "Арноо концертинен" кетейин деп канча жолу түйүнчөк түйдүм. "Каалоо-тилектерди Гүлшан, Бактыбек экөө окусунчу" деген өтүнүч биринин артынан бири келгенде көрөрмандарды сыйлап кайра алып барып калып жаттык. Азыр болсо радиодо адабияттык уктурууларды окуйм.
— Эмне себептен кетейин дедиңиз эле?
— Жаштарга орун бошотуп берели деген максатта.
— Жеке жашоо, үй-бүлөңүз тууралуу сурабай кетпесем болбойт го. Жолдошуңуз багбанчылык менен алектенет деп уктук эле?
— Жаштыгыңыз, сулуулугуңуздун себеби да ошол себептен болсо керек?
— Балким. Анын үстүнө өзүм да жаным тынбаган адаммын. Эртең менен алтыда турам, ошол бойдон кечинде эле жатам. Түштө уктоо, чарчап жатып калуу, оорудум дегенди билбейм. Өзүмө жаккан иштерди жасайм. Эмгек адамдын жаштыгын сактап, өмүрүн узак кылат эмеспи.