Бурулайдын соту боюнча өкүм чыкты

© Sputnik / Нурис АлымбаевДело об убийстве 19-летней Бурулай Турдали кызы
Дело об убийстве 19-летней Бурулай Турдали кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марс Бөдөшевди мамлекеттик айыптоочу 23 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдали кызын ала качып милиция бөлүмүнөн өлтүрдү деп шектелип жаткан Марс Бөдөшевдин мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратты, кылмышкер жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөйт. 

© Sputnik / Нурис АлымбаевДело об убийстве 19-летней Бурулай Турдали кызы
Дело об убийстве 19-летней Бурулай Турдали кызы - Sputnik Кыргызстан
Дело об убийстве 19-летней Бурулай Турдали кызы

Ал эми кылмышка катыштыгы бар деп айыпталган Акмат Сейитов 7 жылга кесилди.

Камакка алынгандар жабырлануучу тарапка материалдык чыгым үчүн 300 миң сом, моралдык чыгым үчүн 500 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Соттун өкүмү 10 күндүн ичинде күчүнө кирет. Бул убакыт аралыгында айыпталуучу тарап Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрыла алат.

Белгилей кетсек, Марс Бөдөшев Кылмыш-жаза кодексинин 155 ("Ала качуу") жана 97-беренелери ("Адам өлтүрүү") боюнча күнөөлүү деп табылса, Акмат Сейитов 30-берене ("Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү") боюнча эркинен ажырады. 

Сот Чотонов Марс Бөдөшев коюлган айыпты жарым-жартылай мойнуна алганын айтты. Андан сырткары, кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденгенин кошумчалады. Ошондой эле Бурулайды Бөдөшев өлтүргөнүндө шек жок деген чечим чыкканын билдирди.

Айыпталуучулар Бөдөшев менен Сейитов өкүм чыгардын алдында акыркы сөзүн сүйлөп, соттон ишти адилеттүү карап берүүнү суранышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоочу 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын өлтүрдү деп айыпталып жаткан Марс Бөдөшевди 23 жылга эркинен ажыратууну суранган

Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
Эске салсак, 2018-жылдын 28-майынын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн.

Ал эми айыпталып жаткан киши өткөн жолу болгон сот жараянында окуя боюнча өзүнүн версиясын айткан. Аларды милициянын бөлүмүнө алып келгенден кийин "ошол маалда ким экенин билбейм, бирөө ызырынып, сөгүнүп өтүп кеткен. Мен аны карап калсам, Бурулай күлүп койгон. Ошол бойдон эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам, ооруканада жатыптырмын" деген.

Жаңылыктар түрмөгү
0