Жээнбеков: ЕАЭБ ичинде 4 тармактагы чектөөнү алып салыш керек

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке быйыл Россия төрагалык кылды.

САНКТ-ПЕТЕРБУРГ, 6-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында өткөн тар чөйрөдөгү жолугушууда Кыргызстан трансчекаралык рыноктогу атаандаштыктын абалы жөнүндөгү маселени талкуулоону маанилүү деп эсептей турганын айтты.

Өлкө башчынын айтымында, атаандаштыктын жалпы эреже бузбоо жөнүндө кабыл алынган чараларды анализдөө керек. Ал ошондой эле кол коюлган документтер бизнес кылууга шарт түзүүдө өзүнүн бараандуу салымын кошоруна ишенерин белгилеп, бул өз кезегинде уюмга мүчө мамлекеттердин элинин жашоосун жакшыртууга жакшы салым болорун кошумчалады.

"Биздин союздун Евразиялык аймактагы ар бир мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү үчүн эбегейсиз потенциалы бар. Ал бүгүнкү күнү толук түрдө ишке ашырыла элек. Андыктан биздин маанилүү иштерибиздин бири жолтоо боло турчу тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү алуу болуп саналат", — деди президент.

Жээнбеков ЕАЭБдин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жана эмгек күчүнүн эркин айлануусун ишке ашыруу абдан маанилүү экенин айтты.

Өлкө башчысы 2019-жылы бирдиктүү экономикалык саясат иштей турган тармактарды көбөйтүү керектигине токтолду. Анын айтымында, агроөнөржай багытында биргелешкен ишканаларды түзүү керек. Бул пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, Евразиялык экономикалык комиссиянын жана бизнестин тыгыз иштеши зарыл.

Официальный визит президента РФ В. Путина в Аргентину. День второй - Sputnik Кыргызстан
Путин ЕАЭБде төлөм жүргүзүүнүн орток инфраструктурасын түзүүнү сунуштады
"Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу союздагы мамлекеттердин экономикалык потенциалын жакшыртат. Кыргыз тарап буга чейин Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү керектигин бир нече жолу белгилеген", — деди Жээнбеков.

Президент өз сөзүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон мамиле Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенине токтолду.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке быйыл Россия төрагалык кылды. 2019-жылы аталган кеңешке төрагалык кылуу Арменияга өткөрүп берилди.

Бүгүнкү тар чөйрөдөгү жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0