БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Нью-Йоркто полиция сүйгөн кызынын колун сурап жатып кокусунан шакегин канализацияга түшүрүп алган жигитти издеп жатат. Бул тууралуу Twitter тармагындагы New York Police Department аккаунтуна жарыяланды.
Полиция шакекти сүйүшкөн жаштарга кайтарып берүүнү көздөп жатат.
Let’s do this, #NYC! Help us find this happy couple and show them how we get things done! @NYPDTimesSquare https://t.co/aFNPevGD0z
— NYPD Crime Stoppers (@NYPDTips) 2 декабря 2018 г.
"Таймс скверде сүйүктүүсүнө арзуусун билдирип жатып шакегин түшүрүп алган жигит изделет. Кыз "ооба" дегенде жигит катуу толкунданып кетип колундагы шакегин канализацияга түшүрүп алган", — деп полициядан айтышкан.
WANTED for dropping his fiancée’s ring in @TimesSquareNYC!
— NYPD NEWS (@NYPDnews) 1 декабря 2018 г.
She said Yes — but he was so excited that he dropped the ring in a grate. Our @NYPDSpecialops officers rescued it & would like to return it to the happy couple. Help us find them? 💍 call 800-577-TIPS @NYPDTIPS @NYPDMTN pic.twitter.com/tPWg8OE0MQ
Ошондой эле шакекти алып чыккандан кийин жууп-тазалап коюшканы белгиленет.
Here’s a photo of the ring our officers recovered (and cleaned!) Call 1-800-577-TIPS or DM @NYPDTips if you know the happy couple so we can return it to them! pic.twitter.com/hzFXxuMVJW
— NYPD NEWS (@NYPDnews) 1 декабря 2018 г.
Соцтармактын колдонуучулары да четте калбай, маалымат менен бөлүшүп түгөйлөрдү табууга жардам көрсөтүп жатышат.