Мамажакыповдун өлүмү. Чогуу жүргөн прокурорлор кылмыш маалында кайда болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник милиции города Бишкек
Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум прокурордун иниси Өскөнбай Мамажакыпов кылмышты окуя күнү бир болгон прокурорлор уюштурушу мүмкүн деп шек санап, аларды да камоону талап кылган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон күнү аны менен аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун да кылмышка тиешеси бар-жогу тыкыр текшерилип жатат. Бул туурасында ИИМдин тергөө кызматынын орун басары Нурлан Утемисов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин маркум прокурордун иниси Өскөнбай Мамажакыпов кылмышты окуя күнү бир болгон прокурорлор уюштурушу мүмкүн деп шек санап, аларды да камоону талап кылган. Ал эми шектүү Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгып тергөө ишине нааразы болушкан

"Окуя күнү чогуу болгон адамдардын баары суракка алынып, тергөө активдүү жүрүп жатат. ЖМКларда кылмыштуу ишти облус прокурорунун биринчи орун басары Арслан Байбосунов уюштурган деп айтылып жаткан. Ал дооматтардын баары эске алынып, териштирилүүдө. Бирок бул далилденген жок. Кылмышка Мелис Калыковдун түздөн-түз тиешеси болуп жатат. Ал эми арак заводдун Баткендеги өкүлү Эрнис Базарбек уулу да аңчылыкка чыкканы тастыкталды. Экөө мушташканда прокурорлор жанында жок болчу, ошондон улам арачалай алган эмес. Бирок Мамажакыпов менен Калыковдун жаңжалдашып жаткан учурун көргөндөр бар", — деди Утемисов.

Ал эми Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев каргаша маалында прокурорлор кайда болгонун кененирээк айтып берди.

Стендовая стрельба. Чемпионат мира. Смешанные команды. Трап - Sputnik Кыргызстан
"Иш козгойм" деп коркуткан. Прокурордун өлүмүнө эмне себеп болгону айтылды
"Аңчылыктан кайтканда Мелис Калыков Lexus унаасы менен алдыга кеткен. Төрт-Көл суу сактагычынын жанындагы кафенин алдына токтоп, артындагыларды күткөн. Кафеге киришкен эмес. Алар келгенде унаадан түшүп турушкан, бир маалда Мелис Калыков беркилерди таштап облус прокурорун унаага салып кеткен. "Нивага" батпагандыктан прокурорлор экинчи машина чакырып, ошол эле учурда Мамажакыповду издеген. Калыков чоң трасса менен барып таштак жолго чыгып тоо тарапка айдаган. Ошол жакта кылмыш ишин жасаган. Мамажакыповдун сөөгү аңчылык кылган жерден 20 чакырым алыстыктан табылды. Бул боюнча ар кандай версиялар бар. Негизги версия — тоого кылмышты жашыруу үчүн барган", — деди Бейшекеев.

Териштирүүнүн натыйжасында облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору орун басары менен кошо иштен алынды. Буга чейин алар тергөө иштери бүткөнгө чейин кызматтан убактылуу четтетилген болчу. Прокурорлор жетекчисин мас абалында рулга отурган адамдын унаасына салып жибергени боюнча жаза алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0