Елизавета IIни таң калтырган Муратбек Рыскулов тууралуу 5 факты

© Фото / Александр ФедоровНеизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева "Небо нашего детства"
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыздын кино жана театрынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон актер Муратбек Рыскуловдун туулган күнү. Залкар таланттын 110 жылдыгы республика аймагында бир топ иш-чаралар менен өткөрүлүүдө.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги чыгаан инсандын өмүрүн жана чыгармачылыгын эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Жетимчилик, кара жумуш… Муратбек Рыскулов 1909-жылы Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Бирок азыр туулган күнүнүн так датасы белгилүү эмес. Жаш таланттын балалыгы жетимчиликте өтүп, 16 жашында борбор калаага келип, театрда кара жумушчу болуп иштеп калат. Ошондо актерлордун бири келбей калып, болочоктогу актер "Ревизор" спектаклинде биринчи жолу чакан ролду аткарып, сахнага алгачкы кадамын таштаган. 

© Александр ФедоровУильям Шекспирдин "Отеллосунда" — баш каармандын ролунда
Уилям Шекспирдин Отеллосунда   — Отеллонун ролунда. - Sputnik Кыргызстан
Уильям Шекспирдин "Отеллосунда" — баш каармандын ролунда

Англичандарды таң калтырган кыргыз. Рыскулов 1936-жылы Кыргыз музыкалык-драма театрында билим алып, театрда иштей баштайт. Ал сахнада жалпы жонунан ондогон дүйнөлүк жана кыргыз спектакль, пьесаларда роль ойногон. Актерлук боюнча жогорку билими жок болгонуна карабай 1960-жылдары чакыруу менен Англияга барган. Дүйнө жүзүнөн чогулган актерлор "Король Лир" пьесасы боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Анда Рыскулов Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып, чеберчилиги менен Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни жана англиялык көрүүчүлөрдү таң калтырган. 

© Фото / Александр ФедоровРыскулов Лондондо Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни таң калтырган
Спектакль Король Лир - Sputnik Кыргызстан
Рыскулов Лондондо Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни таң калтырган

Кыргыз киносунун Бакайы. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты 1949-жылдан тарта киного тартыла баштаган. Актер менен чогуу иштешип калган режиссер Геннадий Базаров Рыскуловдун намыскөй, акырын жүрүп алып көптөгөн адамдарга жардам берип, учурда иштеп жаткан бир топ таланттарга жол көрсөткөн акылман устат болгонун эскерет. Ошондой эле ал өз ишинин майын чыгарып, кээде импровизация кыла койгон инсан менен иштешүү өзүнчө эле ырахат болгондугун кошумчалады. Муратбек Рыскулов "Көчө", "Бакайдын жайыты", "Ак Мөөр", "Караш-караш окуясы", "Жоро", "Менин жаңылыштыгым" өңдүү 20га жакын тасмада роль жараткан. 

© Фото / Александр ФедоровРежиссер Төлөмүш Океев тарткан "Бакайдын жайыты" тасмасында башкы ролду аткарган Рыскулов
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Төлөмүш Океев тарткан "Бакайдын жайыты" тасмасында башкы ролду аткарган Рыскулов

Бир бүлөдөгү үч залкар. Муратбек Рыкулов менен атактуу актриса Сабира Күмүшалиева 38 жыл бирге өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Актерлор үйдө да репетиция кылып, бири-биринин чыгармачылыгын колдоп түтүн булаткан. Алардын уул-кыздарынын ичинен Искендер ата-энесинен араң макулдук алып театрга бел байлаган. Ата-эне балдарынын чыгармачылык менен кетүүсүнө каршы болгон. Болочоктогу режиссер Ташкент, Москва шаарларындагы театралдык окуу жайларын аяктаган. Кийин өлкөдөгү эң күчтүү режиссерлордон болуп Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына чейин жетишкен. Калк арасында ал инсандарды "бир үй-бүлөдөгү үч залкар" деп айтып келишет. 

© Фото / Александр ФедоровУлуу аактер 1974-жылы 64 жаш курагында кан бысымынан улам борбор калаада көз жумган
СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин  Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Улуу аактер 1974-жылы 64 жаш курагында кан бысымынан улам борбор калаада көз жумган

Урушканды билбеген актер. СССРдин эл артисти бир топ сыйлыктарга татып, атак-даңкка жетишкенине карабай жөнөкөй, адамдар менен урушканды билбеген жан болгон. Улуу актер Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп төрт жолу шайланып, узак убакыт Кыргыз театралдык коомун жетектеген. Анын балдары Рыскуловдун мыкты уюштуруучу болуп, ата мекендик театрды жакшыртууга зор салым кошкондугун айтат. Залкар талант 1974-жылы 64 жаш курагында кан бысымынан улам борбор калаада көз жумган. Азыр актердун ысымын Нарын облустук музыкалык драма театры, борбор калаадагы бир көчө алып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0