Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. 23-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Таласта +3…+8 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын жергесинде 0…+5 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +5…+7, Ошто +8…+10 гарадус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0