БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарында автоинспекторду бурагыч менен көкүрөккө сайып качкан 27 жаштагы мас айдоочу көп узабай колго түштү. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Баткен облустук бөлүмүнөн кабарлашты.
Окуя 19-ноябрда болгон.
"Daewoo Tico автоунаасынын айдоочусу автоинспектордун токтотконун тоготпой кетип калган. Милиционер кызматтык унаасы менен кууп жетип, 27 жаштагы айдоочунун автокөлүгүн айып короого токтоттуруп, протокол түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери башталды. Ал эми милициянын жабырланган кызматкери учурда ооруканада. Маалыматта анын абалы өтө оор эмес экендигин, көп кан жоготкону менен маанилүү делген органдары жабыркабагандыгы айтылат.