Кар жаайбы? Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековУнааны кардан тазалап жаткан аял. Архив
Унааны кардан тазалап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-ноябрда, республиканын тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөнүндө +3…+8 градус, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунда +4…+9 градус, Баткен жергесинде +5…+10 жана Нарын аймагында 0…+5 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +6…+8 градус болсо, ордолуу Ошто жаан жаап, +7…+9 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0