БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Күбөнүн айтымында, кырсык бүгүн, 19-ноябрда, "Учкун" кичирайонундагы Ауэзов көчөсүндө болгон.
ӨКМден маалымдашкандай, жүк ташуучу унаадан эртең мененки саат 9.30да өрт чыгып, бир унаа жөнөтүлгөн. Натыйжада саат 11.20да өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Ал эми борбор калаанын ЖКККББсы окуя боюнча маалыматы жок экенин айтты.