Кытайда жер жарылып, бир кыз түшүп кетти. Жүрөк үшүн алган видео

Жазылуу
Окуя видео көзөмөлгө түшүп, аны PearVideo сайты жарыялады.

Жүрөк үшүн алган окуя Кытайдын түндүгүндөгү Ганьсу провинциясынын Ланьчжоу шаарында болгон. Видеодо асфальт оюлуп, ага кыздын түшүп кеткенин көрүүгө болот. Окуя болгон жерде чоң аң пайда болгон. Алдын ала маалымат боюнча бул жерде канализация оңдолгондуктан жер чөгүп кеткен.

Бактыга жараша, кызды ошол жердеги адамдар тез эле чыгарып алышкан. Ал түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0