БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Төрт ай ичинде Бишкек ТЭЦине жалпысынан 280 миң тоннадай көмүр ташылып келгенин "Кыргызкөмүр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кара алтынды 15 ишкана ташыган. 1-ноябрга карата Бишкек жылуулук борборуна 276 миң 859 тонна кыргыз көмүрү келип түшкөн.
Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, быйылкы кышта Бишкек ТЭЦина 550 миң тонна Кара-Кеченин көмүрү жана 50 миң тонна Таш-Көмүрдүн көмүрү алынып келиши керек.
Учурда көмүр ташуу белгиленген тартипте жүрүүдө.