00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү былтыр канча акча тапкан

© Фото / секретариат фракции СДПКЗаседание политсовета СДПК
Заседание политсовета СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандагы аткаминерлердин киреше жана чыгашасы тууралуу декларациясын жарыялоону улантат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2017-жылы тапкан кирешесин жарыялады.

Төмөндө экс-президент Алмазбек Атамбаев кызматка дайындаган аткаминерлердин толтурган декларациясы келтирилди.

Фарид Ниязов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов
Фарид Ниязов Атамбаевдин кеңешчиси болгон, аппаратын жетектеп, бул кызматты Жээнбековдун тушунда да аркалаган. Былтыр ал 521 миң сом таап, 450 миң сом короткон. 45,2 чарчы метрлик батирге, айыл чарба багытындагы беш жер тилкесине, толук бүткөн имаратка жана бир кашарга ээ. Андан тышкары, эки трактору менен Audi 80 унаасы бар. Жер тилкелери менен сарайы ишенимдүү башкарууга берилген.

Жакын тууганынын атына да аянты 45,2 чарчы метрлик батир, эки жер тилкеси, ошондой эле 665 миң сомдук бодо мал катталган. Былтыр 450 миң сом таап, 310 миң сом сарптаган.

Индира Жолдубаева

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева
Экс-генеральный прокурор Индира Джолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева
Башкы прокурорлукту аркалап келген Жолдубаева 582 миң сом иштеп тапкан, 28,9 чарчы метрлик үйү жана 34 чарчы метрлик батири бар. Эмереги 30 миң сомго бааланса, 350 миң сомдук зер буюмдары жазылган. Ал эми "жакын туугандары" деген жери толтурулган эмес.

Сапар Исаков

© Sputnik / Нурис АлымбаевМурунку премьер-министр Сапар Исаков
Допрос Сапара Исакова в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Мурунку премьер-министр Сапар Исаков
Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын август айына чейин президенттин аппаратын башкарып келген. Былтыркы жылдагы кирешеси миллион сомго чамалап барат. 127,4 чарчы метрлик батирге жана гаражга ээлик кылат. Унаасы жок.

Исаковдун жакын туугандары 141 миң сом тапкан. 370 чарчы метрлик үйү жана Lexus RX 450h үлгүсүндөгү унаасы бар.

Алмаз Курманалиев

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКоопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси Алмаз Курманалиев
Секретарь Совета безопасности КР Алмазбек Курманалиев - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси Алмаз Курманалиев
Коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси (2017-жылдын 26-октябрынан 18-декабрына чейин) былтыр 1 миллион 130 миң сом тапкан. Башка маалымат жок.

Алмазбек Атамбаев

© © Фото / секретариат фракции СДПКЭкс-президент Алмазбек Атамбаев
Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Алмазбек Атамбаев
Экс-президент өз декларациясында былтыр 100 миллион 118 миң сом тапканын жазган. Эскерте кетсек, Атамбаев өлкө башчылыгын 2017-жылдын 24-ноябрына чейин аркалады.

Декларациядагы маалыматка ылайык, экс-ажо 77 миллион сом короткон. 9,1 гектарды ээлеген жер тилкеси жана салынып бүтө элек курулушу бар.

Атамбаевдин жакын туугандары 7,4 миллион сом иштеп тапкан.

Экс-президенттин башка үзөңгүлөштөрү тууралуу маалымат чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0