Бишкекте көп кабаттуу турак жай өрттөнүп жатат. Жалындаган үйдүн видеосу

Жазылуу
Өрт саат 21.50дөр чамасында башталган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Элебесов көчөсүндөгү №155 турак үй өрттөнүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Тилсиз жоо туурасында өрт өчүрүү кызматына саат 21.50лөр чамасында маалымат түшкөн. 

“Өрттү өчүрүүгө саат 21:53тө Свердлов районунан 1, саат 22:02де Ленин районунан 1, кийинчерээк дагы бирден, жалпы 5 бөлүм тартылды” — деп айтылат маалыматта. 

Учурда жалынды чектөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0