Парагвайлык кыз Клара Соса Miss Grand International конкурсун жеңгенин уккандан кийин эс учун жоготконун ABS-CBN News телеканалы кабарлады.
Видеодо эки финалчы кол кармаша бет маңдай туруп алып, ким жеңүүчү болоорун күтүп турганын көрүүгө болот. Ал утканын уккандан кийин эс-учун жогото жерге жыгылып, бир мүнөттөн кийин өзүнө келип таажысын кийген.
Miss Grand International — жылына өтө турчу чырайлуулардын сынагы. Иш-чара "Аалам сулуусу" жана "Дүйнө сулуусу" конкурстарына тете.