Бишкекте бардык эле үй-бүлөлүк дарылоо борборунан балдар гинекологун табуу мүмкүн эмес. Көрсө, борбор калаа Бишкекте эки эле балдар гинекологу бар экен. Сейрек кесип ээсинин бири Диля Боромбаева. Ал учурда калаадагы медициналык кеңеш берүү кызматы менен спорттук медицина борборунда иштей турганын айтты. Биз барган учурда элдин узун кезеги суюла элек экен. Көпчүлүгү 3-4 жаштагы кичине кыздарын кармаган энелер.
Сейрек, бирок өтө керектүү кесип ээси менен кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева маектешип келди.
— Калаадагы бардык кичине кыздарды көрүүгө экөөңөр жетишесиңерби?
— Мен тээ совет мезгилинен тарта балдар гинекологу болуп иштеп келе жатам. Ошондон бери бул тармакта мен, анан дагы бир эле адис бар. Биз төрөлгөндөн тарта 15 жашка чейинки кыздарды көрөбүз. Негизи ар бир экинчи үй-бүлөлүк дарылоо борборунда өспүрүм кыздарды көргөн гинекологдор иштейт.
— Байкасам кезекке тургандардын көбү 3-4 жаштагы кыздарын жетелеген келиндер экен. Булар көбүнчө кандай диагноз менен кайрылышат?
— Азыр дагы анча көп эмес. Жайында киши деген эшиктин түбүндө жыйылып калат. Норма боюнча бир күндө 15-16 киши кабыл алышыбыз керек болсо, жайкысын 20-30дан ашык ата-эне кыздарын алып келет. Анткени ал кезде биринчиден балдар эс алууга тарайт, экинчиден ошол кезде инфекциянын сезону болот.
Кичинекей кыздардын арасында синехия деген көп болот. Анда жыныстык эриндер жабышып, туюк болуп калат. Муну убагында дарылап, ачыш керек. Чоңдордун гинекологдору мындайды көп кездештирбегендиктен, жакшы билишпейт. Анан айрым бейтаптарга "чоңойгондо өзү эле ачылып калат" деп коюшат. Бирок ал кийин өзүнө келбейт, аны убагында ачыш керек, аба кирип турган жакшы. Эгер туюк бойдон жүрө берсе, ал жерде чөнтөкчө пайда болот дагы, заара жакшы кетпей баягы чөнтөкчөгө вирус, бактерия толо берет. Жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы ыктымал.
— Мындай ооруларды алдын алуу үчүн эмне кылыш керек?
— Кичине кыздардын жыныстык мүчөсү кызарып, кычышып, андан ак түстөгү суюктук чыкса, дарыгерге алып барыш керек. Себеби ошол нерсенин баары билинбей жүрүп кистага айланып кетиши мүмкүн. Кыздын гигиенасы — бул башкы нерсе. Ошондуктан гигиенаны сактап, баланын тамактануусуна да көңүл бөлүү зарыл.
— Гигиена боюнча айтып берсеңиз?
Эгер кыз баланын жыныстык мүчөсүнөн суюктук чыгып, ооруп жатса, анда аны кайнатылган суу менен жууган жакшы. Былжыр чел кургап кетпеш үчүн атайын суу майлар чыккан, ошолорду колдонсо болот. Мындан сырткары, жыныстык мүчөсү сезгенип калса, кичине кыздардын тамактануусун дагы көзөмөлдөш керек. Бул учурда балага таттуу, кызыл, цитрус, туздуу тамак, чипсы, кириешки, газдалган суусундуктарды таптакыр бербеш керек. Булар зыянын тийгизет.
— Бейтаптардын арасында коркунучтуу илдеттер менен келгендер болсо керек?
— Жыныстык мүчөсүнөн эки-үч айлап кан токтобой келген өспүрүм кыздар болгон. Өздөрү аны айыз деп ойлоп жүрө беришет да, качан гемоглобини 120дан 50гө түшкөндө келип бизди да түйшөлтөт. Мен №3 балдар ооруканасында иштеп жүргөн кезде бир кыз гемоглобини 50гө чейин түшүп кетип келди. Көрсө, эки айдан бери кан келип токтобой жатыптыр. Айрымдары айыз менен жөнөкөй канды алмаштырып алышат да жүрө беришет. Этек кирдики коюу каралжын кан болот, ал эми гормоналдык бузулуу болгондо ачык түстөгү кан келет. Гормоналдык бузулууну гормон менен гана дарылайбыз. Айрымдарынын ата-энеси андан коркот. Гормонду биз кичине кыздарга аз-аздан гана берип нормага келтиребиз. Гормон жардам бербей калган учур жаман. Практикамда ушуга байланыштуу бир окуя болгон. Интернатта жатып окуган 15 жаштагы кыздыкы токтобой кан келип, гормон да жардам бербей калганда дарыгерлер айласы кетип, аны чоң аялдардыкындай кылып операция жолу менен тазалаган.
— Айыз деп калдыңыз. Негизи азыр кыздардыкы канча жаштан баштап этек кири келсе норма деп эсептелет?
— Биздин убагыбызда кыздардын биринчи этек кири 15-16 жашында келсе нормалдуу көрүнүш болчу. Азыр 15 жашка чейин айыз цикли келбесе, анда аны дарыгерлерге сөзсүз көргөзүш керек. Анткени жаш куракта өзгөрүүлөр болуп, азыркылар эрте жетиле баштады. Мунун баарына жеген тамак-аш, экология таасирин тийгизип жатса керек. Көбүнчө толугураак, чоңураак кыздардыкы этек кири эрте келет. Анын үстүнө азыр 10 жаштагы кыздар 14 жаштагыдай, өз курагынан алда канча улуу көрүнүшөт. Эрте жетилген, кеч жетилген кыздар болот. Негизи азыр өспүрүм кыздардын этек кири 10 жаштан 15 жашка чейин келиши керек. Кыздар этек кири келгенде апасына айтпай уялып жүрө бериши мүмкүн. Ошондуктан эне жогоруда мен атап кеткен куракта кызына көбүрөөк көңүл буруп, кеңеш берип, ортодо ишенимдүү мамиле болгону оң. Эгер 15 жашка чыккан кыздын этек кири келбесе, аны сөзсүз дарыгерге көргөзүш керек. Биз анализдерин алып, текшерип көрөбүз.
Баса, айрым энелер кыздардан анализ алганда "кыздыгына зыяны тийбейби" деп чочулашат. Кыздык белги анализ алганда эле түшүп калбайт.
— Кыздык белги тууралуу да айтып берсеңиз? Айрым кыздарда табиятынан эле кыздык белги болбойт, велосипед көп тепсе, ат минсе түшүп калат деген сөздөр айтылып жүрөт.
— Ар кимдин кыздык белгиси ар кандай формада. Кээ бир учурда энелери кыздарын алып "чоңдордун гинекологуна алып барсак кызыңардын кыздык белгиси жок деп айтты, көрүп бериңизчи" деп келишет. Текшере келгенде белгиси бар эле болуп чыгат. Кыздык белги айрымдарыныкы өтө жука, көрүнбөй да калышы мүмкүн, ал эми кээсиники калың болот. Ал жөн эле түшүп калбайт, жыныстык катнаш болгондон кийин түшөт.
— Кыздыгын алдырып жардам сурап өспүрүм кыздар келеби?
— Ооба, мурда көп эле келчү. Азыр жеке клиникалар көп болгондуктан, анонимдүүлүктөн улам бизге көп кайрылбай калышты. Ар кандай тагдырды көрдүк. Мени көп убакытка чейин таасирленткен, таң калтырган бир окуяны айтып берейин. Анда мен №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштечүмүн. Ал жер №5 балдар ооруканасы болчу. Бир күнү ал ооруканага бөйрөгү ооруп 14 жаштагы кыз жатып калды. Бөйрөк ооругандардан мазок дагы алчубуз. Анализ алып жатсам эле баягы кыздын кыздык белгиси жок. Себебин сурасам кыз башында эч нерсе айтпай жаткан, андан кийин буркан-шаркан түшүп ыйлап, жанымдагы медайым экөөбүзгө аны эки жылдан бери өгөй атасы зордуктап жүргөнүн айтып берди. Көрсө апасы биринчи күйөөсүнүн көзү өткөндөн кийин экинчи жолу турмушка чыгып, ал күйөөсү начар чыгып калыптыр. Апасы жылда төрөчү экен. Апасы үйдө жок кезде өгөй атасы кызды коркутуп, 12 жашынан баштап эле зордуктап жүрүптүр. Эки жыл! Мен эки жыл кошулуп жүрсө, кантип боюна бүтүп калган эмес деп таң калдым. "Апаңа айтсаң, экөөңдү тең өлтүрөм" деп коркутчу экен. Апасы окуяны биз аркылуу угуп, күйөөсүн 15 суткага каматып, анан балдарын алып башка жакка көчүп кетиптир. Кийин дагы бизге келип калышты. Баягы түнт, сүйлөбөгөн кыз ачылып, маанайы жакшыра түшкөнүн байкадык. Ушул сыяктуу өгөй атасы тарабынан кордолуп, зордукталган өспүрүм кыздар көп катталды. Мындай окуя, албетте, бардык эле үй-бүлөдө болбойт, бирок ошентсе да сактыкта кордук жок.
— Кыздардын гинекологиялык ооруларын алдын алуу максатында бала бакча же мектептерде атайын медициналык кароо болобу?
— Азыр андай жок. Мурда Совет мезгилинде сөзсүз түрдө бала бакчада дагы, мектепте дагы кыздар бир сыйра текшерилчү. Азыркылар баланын укугу бузулат деп болушпайт. Кайдагы укук, биз барып текшерип, кокус туура эмес бир нерсе чыкса чакыртып алып дарылайбыз. Профилактика дарылоого караганда жеңил да. Азыр кайсы бала бакчага барба, ал жактан жок дегенде мастурбация кылган бир баланы табасың. Ал эмне себептен антет? Себеби ичинен кычыштырып, жанын жеген бир нерсе бар да. Төрт-беш жыл мурун эле бир бала бакчадан ошенткен бир кызды байкап калып, анализ алып текшерсек трихоманад (мите курт) бар экени аныкталды. Апасы бизге келип рахмат айткандын ордуна ызы-чуу салган. Дагы жакшы, ал башка балдарга жукпаптыр. Азыр бир тайпада эки-үч эле горшок, кайсы балада кандай инфекция бар экенин билбейсиң. Кыздардыкы кооптуурак болот да мындайда. Ошондуктан бакчага, мектепке барган кыздарды сөзсүз түрдө уктаар алдында күн сайын жылуу суу менен жыныстык мүчөсүн жууп, жакшы кароо зарыл.