00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что связывало кыргызов с древними тюрками - беседа с историком
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Русгидро" менен болгон чыр: учурда кандай аракеттер көрүлүүдө

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүү"Русгидро" компаниясынын логотиби. Архив
Русгидро компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Русгидро" Жогорку Нарын каскадына салынчу ГЭСке 37 миллион доллар кеткенин айтып, аны өндүрүп алуу ниетин билдирген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов "Русгидро" Жогорку Нарын каскадына салган курулуштары боюнча документтерди толук бербегендиктен кыргыз тарап канча каражат кеткенин иликтөө үчүн толук аудит жүргүзө албай жатканын айтты.

Страны мира. Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Өзбекстанга 648 млн. сомго электр энергиясы сатылды
Бүгүн Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети

2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндөгү маселени карады.

Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев Кыргызстанды 37 миллион долларга сотко берген "Русгидронун" иши эмне болуп жатканына кызыкты.

"Ошол жакка кеткен чыгымды (Жогорку Нарын каскадына — ред.) аудит менен текшерип, качан аягына чыгасыңар? Кыргыз тарап чындап эле ошончо акча кеткен-кетпегенин далилдеши керек", — деди депутат.

Өз кезегинде Боронов аталган компания документтерди толук бербегендиктен аудит жүрбөй жатканын белгиледи.

"Азыр биз документтерди толук ала албай, аудит жүргүзө албай отурабыз. Алар сотко берди. Сотто териштирүү жүрө турган болсо кеткен чыгымды такташ үчүн аудит жүрүшү керек", — деди Боронов.

Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишиминин негизинде башталган. Курула турчу төрт гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарган.

Выставочный стенд компании ПАО РусГидро. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Русгидро" Жогорку Нарын каскады боюнча Кыргызстанды сотко берүүгө даяр
2016-жылдын январь айында Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу боюна Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кол коюлган келишим күчүн жоготуп денонсацияланган. Жогорку Кеңештин депутаттары ГЭСтин инфраструктурасына жумшалган 37 миллион доллар жогорулатылган деген жүйөнүн негизинде атайын комиссия түзгөн. Анын алдын ала маалыматында курулушка 37 миллион доллардан 2-3 эсе аз каражат коротулган.

Кийин кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстандын "Русгидрого" карыз болгон 37 миллион долларын төлөө милдетин алган. Бирок кийинчерээк Liglass Trading CZ, SRO компаниясы төлөй албай калганы маалым болуп, келишим бир тараптуу жокко чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0