БИШКЕК, 20-окт.— Sputnik. Индияда поезд топтошкон элди сүзүп кетип, кырсыктан 60 киши каза болду, дагы 100гө чукулу жаракат алган. Бул тууралуу ВВС маалымдады.
Окуя 19-октябрь күнү, өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан Пенжаб штатынын Амритсар шаарында болгон.
Very hard to even post…So tragic… Another angle of video pic.twitter.com/qWtr4k7BYS
— Aman Malik (@AmanMalik1979) 19 октября 2018 г.
Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган индиялыктар жамандыкты жакшылык жеңген күн делген Дуссер майрамын белгилеп жатышкан.
Жарандар темир жолго жакын туруп алып Раван шайтанынын кебин өрттөгөн учурду жана фейерверк көрүп жатышкан. Күбөлөрдүн айтымында, чогулгандар поезддин үнүн укпай калышкан.
Someone please explain how in the hell is government and/or railways is responsible for this?
— Winter Soldier (@AB_arpit) 19 октября 2018 г.
What else do you expect when you stand carelessly on a working railway track?
The driver to get down and take Prasad and then go!!#Amritsar #trainaccident pic.twitter.com/CcOt5TiBI7
Айрым маалыматтарга караганда, майрамдын уюштуруучулары элди фейерверктен алыс турууну өтүнүшкөн. Дагы башка билдирүүлөр боюнча, адамдар өрттөнүп жаткан кеп түшүп кетпесин деп өздөрү эле темир жолго жакын туруп алышкан.
Анын үстүнө майрамдын катышуучулары телефондоруна фестивалдын жүрүшүн тартып жатып, катуу ылдамдыкта келе жаткан поезддин жакын келип калганын сезбей калышкан.
Жергиликтүү тургундардын бири жыл сайын эле ушул майрамда эл темир жолго чогулуп турарын айткан.
Бийлик жабыркагандарды аман алып калуу үчүн бардык күч жумшаларын билдирген.
Пенжаб штатынын башчысы Амариндер Сингх окуя чоң апаат экенин айтып, Twitter баракчасына жергиликтүү бийлик кырсыктан жабыркагандарга колдоо көрсөтүлөрүн жазган.