Бишкекте Mazda автоунаасы кызды коюп кетти

Жазылуу
Жабыркаган кыздын учурдагы абалы тууралуу маалымат жок.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте Mazda автоунаасынын айдоочусу кызды коюп кетти. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 20-октябрда эртең менен саат 9:30дар чамасында Курманжан датка менен Славян көчөсүнүн кесилишинде болгон.

"Кыз эсин жоготту, айдоочу анын жанында турган. Милициянын машинасын да көрдүм", — деди күбө.

Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун тастыктап, жабыркаган кыз ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0