БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен эки аял каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-октябрь күнү болгон. Маркумдардын бири 73, экинчиси 42 жашта экени айтылды.
Ушу тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.