00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Run the Silk Road - 2026: 3000 участников, Иссык-Куль и старт туристического сезона
08:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Илимий реформа жана Академиянын келечеги: каржылык автономиянын таасири — Канатбек Абдрахматов менен маек
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон против дорожных драчунов: что в нём не так - объясняет юрист
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаратылыштан жаралган мода: Keshteнин жаңы коллекциясы коомго сунулду
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат: Исакунова кызматтан кетсе деле ишке барып жатат

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова
Министр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мурдагы министрдин мындай аракети мыйзамсыз экенин жана аны кылмыш катары баалоого болорун белгиледи.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова кызматтан алынганына карабай жумушка барып, айрым токтомдорго кол коюп, бир катар кызматкерлерди иштен алып жатканын парламенттин жыйынында айтты.

Депутаттын ырасташынча министрликтин кызматкерлери өзүлөрү ага чалып, билдиришкен.

Касымалиева ошондой эле эл жөлөк пул менен сүйүнчү акысын ала албай жүргөн кезде министрлик 1 миллиард 300 миллион сомду үнөмдөп калганын белгиледи.

"Ысык-Көлдө көчмө жыйын болуп, ал жерде жөлөк пул боюнча абдан көп маселе айтылды. Элдин көбү жөлөк пул, сүйүнчү ала албай жатканда министрлик 1 миллиард 300 миллион сомду үнөмдөп калган. Ага 59 унаа сатып алып, интернаттар оңдолмок. Мен ошону текшерүүнү талап кылам. Аны Башкы прокуратура, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтеши керек", — деди депутат.

Жыйындын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жетекчисиз калган Социалдык өнүктүрүү министрлигин ким башкарууда?
Эл өкүлү андан сырткары, Исакунова кызматтан кеткенден кийин министрликтин ар бир райондогу башкармалыктарынын жетекчилерин чакыртып алып, үнөмдөө боюнча сөз жүргүзүп жатканын кошумчалады. Касымалиева министрдин мындай аракетин кылмыш, кызматтан кеткенден кийин мамлекеттин ишине кийлигишүү катары баалады.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы депутаттын айткандарын такташ үчүн министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Кымбат Кадыралиева менен байланышты.

"Таалайкүл Исакунова иштен кеткенден кийин министрликке келген жок. Ал башкаларды кызматтан алып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда министрдин милдетин статс-катчы аткарып жатат, кызматкерлердин бардыгы өз ордунда иштөөдө", — деди Кадыралиева.

Эске салсак, Таалайкүл Исакунова мамлекеттин эсебинен чет жакка чыгып турган деп депутат айтып чыккандан кийин иштен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0