Ислам Каримовдун эң биринчи колдонгон уюлдук телефону көрсөтүлдү

© Sputnik / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү
Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал кезде мындай телефондун баасы 5 миң доллар болчу.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун алгачкы уюлдук телефону Ташкенттеги Тарых музейге коюлду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Каримов ушул телефон менен 1992-жылы 26-августта биринчи жолу байланышка чыгып сүйлөшкөн.

Основатель компании Apple Стив Джобс - Sputnik Кыргызстан
Каталары бар экен... Стив Жобстун жумушка кирген алгачкы арызы аукционго коюлду
Музейге коюлган аппарат Nokia компаниясынын 1987-жылы алгачкы ирет чыгарган Mobira Cityman 900 үлгүсүндөгү телефон. Гаджет 1987-жылы 9-апрелде Горбачевдин Финляндиянын борбору Хельсинки шаарынан Москвага чалган сүрөтү дүйнөгө тарагандан кийин элге белгилүү болуп калган.

Nokia Mobira Cityman 900 үлгүсүндөгү телефондун чыгышы өзгөчө жаңылык алып келген. Башка аппараттардын салмагы 5 килограммды түзгөндө, ал 760 грамм болуп чыгарылган. Сүйлөшүүдөн сырткары андан смс билдирүүлөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ошол кезде бул телефондун баасы 5 миң доллар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0