Билими:
1995 — Ош технологиялык университетинин "Менеджер" адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
1995-1996 — Ички иштер министрлигинин Ош облустук бөлүмүндө сержант;
1996-1997 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Ош шаарындагы инспектору;
1997-1999 — "Коопснаб" ЖЧКсында директордун коммерциялык иштер боюнча орун басары;
2004-2007 — "Элдик демилге" кайрымдуулук фондусунун президенти;
2007 — "Мигрант Сервис" ЖЧКсында директор;
2007-2009 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;
2009-2013 — Ош шаарынын мэри;
Мелис Мырзакматов 2010-жылы "Улуттар биримдиги" партиясын негиздеген. Калаага эстакадалык көпүрөнү курууда коррупциялык жолдорго барган деп кылмыш иши козголуп, 2013-жылдын 5-декабрында Ош шаарынын мэрлигинен бошотулган. Бирок Мырзакматов өлкө аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Соттун өкүмү менен сыртынан жети жылга кесилип, эл аралык издөөгө алынган.