Султан Жумагуловдун сөөгү качан кайда коюлары айтылды

© Фото / Пресс-служба КТРК / ktrk.kgМаданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалаган Султан Жумагулов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалаган Султан Жумагулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик кызматты аркалаган Жумагулов 8-октябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам каза болгон.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалаган Султан Жумагуловдун сөөгү 10-октябрь күнү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Эскерте кетсек, Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4.00дөр чамасында ооруканада үзүлгөн. Анын көптөн бери онкологиялык оору менен жабыркап келгени маалым.

"10-октябрда саат 10.00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Андан кийин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жумагулов 59 жашта болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0