БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +15…+20 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +17…+19, Ош шаарында +21…+23 градус болору айтылды.