00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Что такое политический конфликт и чем он отличается от других - беседа с экспертом
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
15:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
В музее Фрунзе открыли выставку об Уркуе Салиевой - почему это важно
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран-АКШ-Изралиь согушу: Мунай баасынын өсүшүнөн ким көп жабыркайт?
17:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что такое система СПОТ и каковы последствия ее запуска для ЕАЭС
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
20:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
21:07
32 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Назарбаев өлкөнүн байларына Түркестанга бирден имарат курууну милдеттендирди

© Фото / официальный сайт президента РККазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркестан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулоо үчүн чогулган миллиардер ишкерлерге шаарда облустук маанидеги заманбап бирден имарат курууну милдеттендирди
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркестан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулоо үчүн чогулган миллиардер ишкерлерге шаарда облустук маанидеги заманбап бирден имарат курууну милдеттендирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти ири компания менен холдингдердин ээлерине аларга мамлекет тарабынан болгон жардамды эске салып, ага жооп болушу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркестан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулоо үчүн чогулган миллиардер ишкерлерге шаарда облустук маанидеги заманбап бирден имарат курууну милдеттендирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Назарбаев ким кандай имарат сала турганын унутбаш үчүн жазып да алган.

Кимдер эмне салып берет?

Башкы прокуратуранын мурдагы имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратуранын өрттөнгөн мурдагы имаратынын ордуна бакча пайда болот
"Базис-А" курулуш компаниясынын жетекчиси Александр Белович театр салып берем деп сөз берди. ERG компаниясынын жетекчилеринин бири миллиардер Патох Шодиев түрк элдеринин музейин куруп берерин айтты. "КазМунайГаз" компаниясынын башкаруучулугунун төрагасы Сауат Мынбаевге заманбап стадион куруп берүү милдеттендирилди. BI Group холдингинин башчысы Айдын Рахимбаев казак хандарынын, бийлеринен жана баатырларынын борборун салып берүүгө сөз берди. "Хайвилл Казакстан" курулуш компаниясы Түркестанга заманбап турак-жай комплексин белек кыла турган болду. "Қазақстан темір жолы" улуттук компаниясына Жаштар ордосун салып берүү милдеттендирилди. KEGOC акционердик коому Ахмед Ясавинин чакан музейин куруп берет. Стол тенниси федерациясынын башкы катчысы Данияр Абылгазин суу спорту комплексин салып берүүгө милдеттеме алды. Курамына Astana Motors менен Mega Development компаниялары кирген Astana Group холдингинин ээси Нурлан Смагулов автосалон ачып бере турган болду.

Түркестан шаары облустук маанидеги макамын 2018-жылы 19-июнда алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0