Кадрдан кең жайыкта тору жана жээрде ат минген аялдар эңишке түшүп жатканын көрүүгө болот. Алар эки мүнөткө чукул эрегишип турган. Бул учурда тегерегиндеги атчан жана жөө кишилер "тарт, багынба, бул спорт" деп сүрөп жатканын көрүүгө болот. Аягында жээрде ат минген аял атаандашын ээрден оодарып, жерге жыккан.
Бул видео социалдык тарамактарга жарыяланып аны көргөндөр таң калуу менен талкуулап жатат. Кээ бирлер ат үстүндө тайманбастан алышкандарына баа берсе, экинчилери тескерисинче, аял затына мындай оюн жарашпай турганын белгилөөдө. Дагы башкасы ээрден оодарылган аялдын абалына тынчсызданууда.
Аялдардын эр эңиши Кыргызстандын кайсы жеринде болгону белгисиз.
Эр эңиш — кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Анда эрендер ат үстүндө кармашат. Оюн тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.