00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Элвира Сурабалдиева: канкорлорду экстрадициялоого саясий эрк керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК Эльвира Сурабалдиева
Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Евгений Гуревичтин Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен деп айтканы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын пикирин угууда.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенине 8 жыл болсо да эмнеге азыркыга чейин аларды экстрадициялоо боюнча чара көрүлбөй жатканына кызыгып, ал үчүн саясий эрк жетишпей жатабы, деп суроо салды.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Евгений Гуревичтин Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен деп айтканы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын пикирин угууда.

Өз кезегинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов АКШ жана Улуу Британия менен экстрадициялоо боюнча келишим жок болгондуктан алардын сунуштарын мамлекеттин тийиштүү органдары четке кагып жатканын белгиледи.

"АКШ, Улуу Британия менен эктсрадициялоо боюнча келишим жок экен, андыктан биздин сунуштар четке кагылган. Бирок биз келишим түзгөнгө даярбыз", — деди башкы прокурор.

Депутат Сурабалдиева качып кеткен саясатчылар миллион менен эмес, миллиарддаган доллар чыгарып кетип, чет жакта жыргап жашап жатканын айтты.

Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура Бакиевдер 300 миллион доллар чыгарып кеткен деген Гуревич тууралуу
Андан сырткары, быйыл декабрда төраганын Улуу Британияга сапары пландалып жатканын, ал жактан ушул маселени көтөрүү керектигин айтты. Төрага Дастан Жумабеков депутаттын сунушун эске аларын билдирди.

Сурабалдиева ошондой эле Бакиевдердин зулумдугунан атасынан ажыраганын айтып, аларды экстрадициялап, жоопко тартууга аябай кызыкдар экенин кошумчалады.

"Бул канкорлордон биздин үй бүлө жабыркаган, мен атамды жоготком. Канчалаган кишилерди атып кетишти. Бул маселеге күйүп бышып жатам, эки жыл мурда да көтөргөм, азыр да көтөрүп жатам", — деди эл өкүлү.

Сурабалдиева элдин байлыгын уурдап чет жакка качып кеткен кишилерди Кыргызстанга алып келүү саясий эркти талап кыларын жана өкмөттө отургандардын колунда экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0