Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДжайлоо Иссык-Кульской области
Джайлоо Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +18…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан себелеши мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +20…+22, ордолуу Ош шаарында +24…+26 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0