БИШКЕК, 22-сент. — Sputnik. Эртең, 23-сентябрда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасы "Атабаев" көмөк-чордонунда оңдоо иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрүнүн жана темир жол линиясынын айланасындагы райондордо таза суу болбойт.
Ошондой эле саламаттык сактоо департаментинин автобазасында, "Электротехник" ишканасынын имаратындагы илим жана бизнес эл аралык университетинде, Горький, 1"а" дарегинде жайгашкан типографияда, "Айдан-фарма" жана Технопарк соода борборунда жайгашкан "Автобытсервис" ишканаларында да таза суу убактылуу жок болот.
"Бишкексууканал" ишканасы калаа тургундарынан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырат.