Элчилик Россияда кармалган кыргызстандыктар тууралуу айтып берди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда 19 кыргызстандык кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Москвада полиция Кыргызстандын бир нече жаранын кармады. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен билдиришти. 

Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда 19 кыргызстандык кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган. 

"Окуянын чоо-жайын билүү үчүн элчиликтин кызматкерлери полицияга барып, алты кыргызстандык кармалганы белгилүү болду", — дешти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Документтерин текшерүүдөн кийин алардын бешөө боштулду. Ал эми бири административдик мыйзам бузуу боюнча айыпталып, материалдар сотко өттү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0