Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / YURI KADOBNOVКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-сен — Sputnik. 22-сентябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +21…+26 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +11…+16 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаашы күтүлөт, күндүн табы Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +24…+26 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0