Баткен ОИИБдин жетекчиси болуп милициянын полковниги Аскарбек Аширалиев дайындалды

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткен ОИИБдин жетекчиси болуп дайындалган милициянын полковниги Аскарбек Аширалиев
Баткен ОИИБдин жетекчиси болуп дайындалган милициянын полковниги Аскарбек Аширалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы жетекчи Ашим Тагаев Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жетекчи болуп которулду.

БАТКЕН, 21-сен. – Sputnik. Баткен ОИИБдин жетекчиси болуп милициянын полковниги Аскарбек Аширалиев дайындалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Аскарбек Аширалиевди аталган кызматка дайындоо жөнүндөгү буйрук 18-сентябрда чыккан.

Бүгүн 21-сентябрда Аскарбек Аширалиев эмгек жамаатка тааныштырылды.

Ал эми Баткен ОИИБдин мурдагы жетекчиси Ашим Тагаев Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жетекчи болуп которулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0