Балбан Акжол Махмудовго агалары унаа белек кылды. Сүрөт

© Фото / Зульфия ТургуноваБронзовый призер Чемпионата мира по спортивной борьбе среди молодежи Акжол Махмудов
Бронзовый призер Чемпионата мира по спортивной борьбе среди молодежи Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло байге уткан.

ОШ, 21-сен. – Sputnik. Акжол Махмудовдун атасынын бир тууган иниси Шарабидин Махмудов жана анын досу Алмаз Таабалдиев спортчуга BMW үлгүсүндөгү унаа белек кылышты. Бул маалыматты балбан өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. 

© Фото / Зульфия ТургуноваБронзовый призер Чемпионата мира по спортивной борьбе среди молодежи Акжол Махмудов
Бронзовый призер Чемпионата мира по спортивной борьбе среди молодежи Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Бронзовый призер Чемпионата мира по спортивной борьбе среди молодежи Акжол Махмудов

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Араван районунун Жданов айылында жаңы курулган спорт залдын ачылыш аземи өткөрүлгөн.

"Иш-чара учурунда атамдын бир тууган иниси жана анын досу мага унаа белек кылышты", — деди Махмудов.

Балбан ага колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов 18-сентябрда коло байгеге ээ болгон. Ага чейин Азия оюндарында күчүн сынап күмүш медаль тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0