БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган үч талапкерди колдоого алды.
Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн аппарат жетекчиси-министри кызматына Шамилбек Асымбековду, Юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловду жана Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетовду жактыруу маселеси каралды.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талапкерлерди аванс менен колдоп берүүгө чакырды.
Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев талапкерлерди колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирип, алар уят кылбай иштейт деген ишеничи бар экенин айтты.
Аталган талапкерлерди парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, жалпы жыйындын кароосуна жөнөткөн болчу.