БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом сыйлык алат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын жана күмүш байгелерге ээ болгон.
"Спортчу өлкө тарыхында биринчи жолу ири мелдеште эки медаль тагынып жатат. Ал кийинки мелдешине аз убакыттан кийин эле чыгып кетти, анүстүнө аба ырайынын шарты начар болчу. Акыркы беш жылдан бери күлүк кыз менен машыктыруучу Виктор Борисов иштеп келет, ал үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Федерация атынан ага 1 миллион сом акчалай сыйлык ыйгарылат", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ Дарья Маслованы "Манас" аэропортунан жакындары, күйөрмандары жана машыктыруучулары тосуп алган.