00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түйүлдүк "өзү эле" түшүп калышы мүмкүн. Министрлик Таластагы окуя боюнча үн катты

© AFP / LOIC VENANCEБеременная женщина
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя узаган аптада Талас облусунун Кара-Буура районунда болгон. Анда Азамат Калматов аттуу жаран кош бойлуу жубайын аймактык оорукананын дарыгери дени соо экендигин айтып жаткырбай коюп, орто жолдон түйүлдүгүнөн айрылып калганына даттанган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Таластын жашоочусу, кош бойлуу  Айнура Шаршекееванын төрт айлык түйүлдүгү өзү эле түшүп калышы (самопроизвольный выкидыш. — ред.) мүмкүн. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Асылбашева маалыматты ага министрликтин Талас облусундагы координаторлору кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин бергендигин айтты.

Беременная женщина в Вертоу - Sputnik Кыргызстан
Толгоо келип, суу кетип жатат! Кош бойлуу каттоосу жок төрөтканага бара алабы?
Эске сала кетсек, 19-августта Талас облусунун убактылуу жашоочусу Азамат Калматов редакцияга датын айтып, кайрылган. Анын айтымында, Кара-Буура аймактык ооруканасынын кызматкери кош бойлуу жубайынын саламаттыгы жайында экендигин айтып, ооруканага жаткырбай коюп, орто жолдо түйүлдүгү түшүп калган.

Көп өтпөй бул боюнча Азамат Калматов милицияга арыз жазганын Талас облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашеванын айтымында, Айнура Шаршекееванын боюнан өзү эле түшүп калышы мүмкүн, мындай жагдай медицинада "самопроизвольный выкидыш" деп аталат. Ошондой эле келин буга чейин төрөгөн, бир баласын алдырткан жана дагы бирин түшүрүп алган.

"Шаршекееваны дарыгерлер алгач УЗИге тарткан. Түйүлдүк 13-14 жумалык, башкача айтканда төрт айлык болгон. Адис жатындын калыпта экендигин байкап, түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушун аныктаган. Мындан кийин ооруканага жаткыруунун зарылчылыгы жок деп үйүнө жиберген. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча келин бир ирет төрөгөн, 2016-жылы боюндагы баласын көтөрө албай түйүлдүк кезинде алдырган, былтыр  (2017-жыл — ред.) боюнан өзү түшүп калган. Бул жолкусунда деле өзү түшүп калышы мүмкүн. Себеби ал төрөттү оор көтөрөт экен, анын үстүнө тыным албай, организмди эс алдырбай бойго бүтүрө берген. Дагы факторлорун издештирип жатабыз", — деди башкы гинеколог.

Ошондой эле Асылбашева аталган ишти аягына чейин карай тургандыгын кошумчалады.

Ал эми жабырлануучунун күйөөсү Азамат Калматов жубайынын буга чейин боюнан алдырганы жана түйүлдүгү түшкөнү боюнча маалыматты тастыктап, дарыгерлердин шалаакылыгы үчүн акырына чейин күрөшө тургандыгын айтты.

"Келинчегим УЗИге түшкөндө эле төрөттөрүнө байланыштуу буга чейинки учурларын кагазга толтуруп берген. Эмнеге ошонун баарын көрүп билген дарыгер төрөттүн коркунучун алдын алып, терең көңүл буруп жаткырган жок. Ал жөн гана "баары жакшы" деп жолго салып койду. Көңүл кош мамиле болбогондо түйүлдүктү аман алып калат белек…", — деди Калматов.

Учурда ал ИИМ иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0