Мусулмандар киносунун сынагына Кыргызстандан бир тасма катышат

© AFP / MARTIN BUREAU Женщины сжимали мокрые платочки — оператор о кыргызском номинанте на "Оскар" Sputnik
Женщины сжимали мокрые платочки — оператор о кыргызском номинанте на Оскар  Sputnik - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль Казань шаарында өтөт. Конкурстан тыш төрт кыргызстандык тасма тартууланып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде ар өлкө тарткан фильмдер көрсөтүлмөкчү.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Казань шаарында өтө турган XIV эл аралык кинофестивалга Кыргызстандан режиссер Тынай Ибрагимовдун "Свет и тень" кыска метраждуу даректүү тасмасы катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 4-10-сентябрь күндөрү өтөт.

"Конкурска катыша турган кинодон тышкары фестивалда көрүүчүлөргө Калвира Акчалованын "Жол", Чолпонай Бөрүбаеванын "Өмүр", Аскар Нуракун уулунун "Киноман" жана Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы тартууланат. Абдыжапаров калыстар тобуна кирди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде ар өлкө тарткан "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт", "Жамийла", "Маңкурт", "Гүлсарат", "Саманчынын жолу", "Ак кеме", "Кызыл жоолук жалжалым" тасмалары көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0