Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-авг — Sputnik. 24-августта Кыргызстанда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +24…+29 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +20…+25 градус жылуу болору болжолдонду.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +26…+28 градуска жетсе, Ош шаарында +27…+29 градус ысык болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0