Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги улуу инсандын өмүр жолу, жасап кеткен иштери тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту. Ага КТРКнын башкы директорунун радио боюнча мурдагы орун басары Кайрат Иманалиев жардам берди.
Ата-энесиз өткөн балалык. Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган. Ата-энесинен эрте ажыраган бала таякелеринин колунда чоңоюп, кийинчерээк балдар үйүндө тарбияланган. Бой жеткенде Ташкентке окууга барып, бирок киностудияда иштеп калат. Ошол жерден ал атактуу өзбек режиссерлору менен иштешип, андан соң Москвадагы Островский атындагы театралдык институтка тапшырат.
Саякбайдын үнүн жаздырган. Уралиев Саякбай Каралаевди баш кылып Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаевдердин үнүн алтын казынага сактап калган адам. Саякбай Каралаевди "Манас" айттырып, үнүн жаздырып калуу оңой болгон эмес. Уралиев гезиттердин бирине берген маегинде Каралаевдин айтуусундагы "Манасты" беш жыл дегенде араң жаздырып бүткөнүн айткан эле.
"Саякбай Каралаев менен абдан жаш кезимде кездештим. Ошол кездеги биринчи катчы Исхак Раззаковдун тапшырмасы менен Саякбай Каралаевдин үнүн жаздырууга милдеттендирилгем. Сакебизге барсам моюн толгоп болбой койду, мен болсо ой-боюна койбой ээрчип алдым. Акыры үнүн жаздыра турган жерди көрсөтүп макул болот го деп студияга алып келсем, "кой, айланайын, жалгыз олтуруп "Манас" айтып Саякбай жинди болуптур дебейби" деп так секирди. Ошону менен бир жума келбей койсо болобу. Ошондо ага кеби өткөндүн баарына барып "макул кылдырып бергиле" дей баштадым. Байбичеси балпактаган жакшы киши экен "тур эми, суранып аткан балага барып "Манасыңды" айтып берип кой" деп атып араң көндүргөн. Катуу берилгенде бир орунга токтобой ойдолоп, ал турсун, басып да кетчү. Ошондуктан микрофондорду туш тарабына, төбөсүнөн ылдый да салаңдатып коюп койчумун. Анда да Сакем "темирлериң менен мени курчап…" деп жактырбай калчу. Ошентип Сакемдин артынан калбай жүрүп "Манасты" беш жыл дегенде жаздырып бүткөнбүз".
Актер. Турсун Уралиев бир гана радиодо эмес, театр, кино чөйрөсүнө да эмгеги бар инсан. Ал бир топ көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду аткарган. Алсак, "Рыбаки Арала" деген өзбек тасмасына, "Кара-Кийикке жол" сыяктуу советтик тасмаларына тартылган. Мындан тышкары ал "Чиркин өмүр" кино сериалында велосипедчен почточунун ролун аткарып көпчүлүктүн эсинде калган.
Сыйлыктары. КР Эл артисти деген наамды алган, "Даңк" медалынын ээси.
Оору. Карылыктан жүрөгү ооруп, кан басымы көтөрүлүп калчу. Бирок тил ооздон калып, төшөккө жатып калган эмес. Акыркы учурда бутун сындырып, ошондон жакшы боло албай жүрүп дүйнө салды.