БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында эл аралык көргөзмө-жарманке башталды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Юг Экспо-2018" аталышындагы иш-чара 15-август күнү башталып, 17-августта жыйынтыкталат. Ага Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстандын компаниялары катышып, туризм, транспорт, айыл чарба, байланыш, машина куруу өңдүү бир катар тармактарга керектүү болгон продукцияларды коомчулуктун назарына сунуштайт.
Ошондой эле ишкерлер үчүн атайын конференция, талкуу жана жолугушуулар уюштурулат.