00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:57
2 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт балдар кылмыштуулугун кантип азайтуу керектигин айтты

Жазылуу
2018-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 955 кылмыштын 255ин мектеп окуучулары жасаган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту азайтуу үчүн аларга жеке өнүгүү шарттарын түзүп берүү керек. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынында айтты.

Өмүрбекованын айтымында, балдардын арасындагы кылмыштуулукка өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана адеп-ахлактык факторлор да таасир этүүдө.

"Миграциянын өсүшүнөн улам жашы жете элек балдар туугандарынын камкордугунда калып жатат. Алардын көбү улгайган же иштеген кишилер болгондуктан балдарга тийиштүү көзөмөл кылынбай калууда. Биз турмуш шарты оор өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөтүү үчүн күндүзгү борборлорду түзүп, алардын үй-бүлөлөрүн колдоо программаларын иштеп чыгуубуз керек. Спорт, музыка жана бий менен алектенүүгө шарттарды түзүү менен аларды көчөдөн тартуу зарыл. Балдар бош убактысын жеке өнүгүүсү үчүн пайдалуу өткөрүүлөрү кажет", — деди вице-премьер.

Укук коргоо органдары белгилегендей, балдар арасындагы кылмыштуулукка ата-энелердин ажырашып, үй-бүлөлүк деградациянын күч алуусу да таасир берип жатат.

Аялды таш менен уруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкаачылык чектен ашканда. Кримдүйнө менен күрөшүүгө эрк жетеби?
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 955 кылмыштын 255ин мектеп окуучулары жасаган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 461ди түзгөн. Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар 61ден 70ге чейин өскөн. Алты айда республика боюнча 40 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Жыйын соңунда вице-премьер балдарга ата-энелердин көзөмөлүн күчөтүп, аларга турмуштук баалуулуктарды калыптандыруу үчүн ыктыярчылык кыймылдарына тартуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0