Telegram каналында "Ордолуу Ош" деп аталган топ түзүлдү

© Sputnik / Влад УшаковОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Бишкек бүгүн" деп аталган топ түзүлүп, ал баш калаанын бир катар жашоочулары үчүн пайдалуу каналга айланган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан редакциясынын кызматкерлери Telegram каналында "Ордолуу Ош" деп аталган топ түздү. Ага кошулуу үчүн бул шилтемени басса болот. 

Новоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев - Sputnik Кыргызстан
Оштун жаңы мэри алгачкы ишин эмнеден баштайт? Сарыбашев менен маек
Аталган топ түштүк борбордун маселелерин талкуулап жана чечүүгө арналган. Окурмандар ал жерге маалыматтарды, видео жана сүрөттөрдү жиберсе болот. Акырындык менен каналга Ош шаарынын мэри менен башка кызматтарынын өкүлдөрү кошулмакчы. Бул чыккан маселеге ошол замат пикирин айтып, жооп берүү максатында жасалууда.

Буга чейин түзүлгөн "Бишкек бүгүн" тобунда учурда 1600 жашоочу катталган. Алардын көбү шаардагы маселелер боюнча активдүү түрдө, өз учурунда кабарлап, ага мэриянын жана шаардын башка кызматтарынын өкүлдөрү илгиртпей жооп берип турат. Бул топтун ишинен кийин суроо-талаптар түшүп, эми "Ош бүгүн" тобу түзүлдү. Эгерде Android, iPhone үчүн App Store колдонсоңуз, Telegram системасын Play Market аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0