БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 23 жаштагы жигит аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Балыкчынын "Сейил" пляжында 23 жаштагы жигит чөгүп кетти делип, кечээ куткаруучулар аны түнкү экиге чейин издешкен.
"Изделип жаткан жаран 2-август күнү саат 10.00дө пляждагы боз үйлөрдүн биринен тирүү табылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта окуянын чоо-жайы айтылган эмес.