Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКол чатырлар. Архив
Кол чатырлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жума күнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүйдө абанын температурасы 26…31 градуска көтөрүлөт. Таласта күндүн табы 24…29 градусту түзөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 31…36 градуска чейин ысык болот.

Ысык-Көлдө 22…27, Нарында 24…29 градус болушу болжолдонууда.

Ал эми Бишкекте абанын температурасы 29…31, ордолуу Ошто 33…35 градуска чейин ысык болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0