БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Активист Болот Ибрагимов Facebook тармагындагы баракчага милиция формасынын көйнөгүн кийип, бирок шымы жок жаткан кишинин видеосун жарыялады.
Ал күндүз тартылган. Бишкектин номери тагылган автоунаанын ичинде милициянын формасын кийген киши жатат. Абалы жакшы эмес болгондуктан, колун башына жаздап алгандай элес калтырат. Автоунаанын жанында лампас тагылган шым жатат. Үстүнө кандайдыр бир суюктук төгүлгөндөй. Бир нече ирмемдерден кийин кишинин башын көтөргөнүн көрүүгө болот.
Активист жаткан эркекке милиция формачан кишинин басып келген сүрөтүн да жарыялады.
Бишкек шаарынын милициясынан Sputnik Кыргызстандын кабарчысына бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты. Балким, анын жыйынтыгы менен кызматкер ишинен кетиши мүмкүндүгүн кошумчалашкан.