БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматына 30 жаштан өткөн жөнөкөй жарандар кабыл алынат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Жумушка орношуунун каалагандар үчүн төмөндөгүдөй талаптар коюлган:
— Жогорку билимге ээ диплому жана орто кесиптик билими жана мектепти бүткөндүгү тууралуу аттестаты;
— Аскер кызматын же альтернативдик (үй-бүлөлүк шартка байланыштуу) аскер кызматынан өтөгөн, болбосо запастагы офицер чини менен аскер кафедрасын бүткөнү тууралуу документи;
— Эркектердин бою 170 сантиметрден, ал эми аялдардын бою 168 сантиметрден кем эмес болбошу керек.
Каалоочулар төмөнкү даректер аркылуу кайрыла алат: Бишкек шаары, Горький көчөсү 20, №305 бөлмө.
Телефон номерлери: (0708) 03-48-58, (0703) 93-11-53.